Бишкекте алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 19 жаштагы А.П. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал унаа сатуучу базардан А. аттуу жаран анын ишенимине кирүү менен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын 90 миң сомго баалап алып, бүгүнкү күнгө чейин кайтарып бербей жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Ж.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.