Бишкектеги Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда окуянын күбөсү SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы саат 12:50 чамасында болгон.
"Жабырлануучу - аял киши. Аны B8476AY номурлуу Тойота үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан айдоочу сүзүп алды. Айдоочуда унаага жана өзүнө тиешелүү бир дагы документ жок экен. Учурда жабырлануучуну ооруканага алып кетишти", - деди окуянын күбөсү.