Ошто “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун идеяларын жашыруун жайылткан” деген шек менен укук коргоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
“Кармалган 36 жаштагы Х.Н. “Сот адилеттиги жана чындык” укук коргоо уюмунун мүчөсү болот. Ал Ош шаарында дүкөн ачып, ошол эле жерде компьютердик кызмат көрсөтүп келген. Ошону менен бирге эле “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна тиешелүү баракчаларды таратчу. Анын жумуш ордун текшерүү учурунда аталган уюмдун идеялары камтылган китептер, дисктер, баракчалар табылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат Ош ШИИБинин маалыматында.