Борбор калаада “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

Борбор калаада “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда SUPER.KG порталына күч органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен Биринчи Май районуна караштуу Калыс-Ордо жаңы конушундагы үйлөрдүн бири Свердлов РИИБинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тинтүүгө алыган. Тинтүү учурунда 1983-жылы туулган И.Жайнак аттуу жаран жашаган жайдан “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун идеяларын камтыган китептер жана баракчалар табылган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Hanzada.sabih
2016-09-22 16:07:56
Бул кандай уюм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан