Кант шаарында “жарандык никедеги аялын өлтүргөн” деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-сентябрь күнү саат 10:20 чамасында 43 жаштагы Г.Б. аттуу аялдын жансыз денеси өз үйүнөн табылган. Бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары Өзбекстандын 26 жаштагы О.М. аттуу жараны кармалган.
“Буга чейин маркум менен кылмышка шектүү жарандык никеде жашап келишкен. Шектүүнүн айтымында, мындай жолго кызганычтан улам барган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.