23-сентябрга караган түнү Москва шаарынын Амур көчөсүндө жайгашкан кампа өрттөндү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт кырсыгынан улам каза болгондор жок, анткени өрт башталганда кампада иштеген кызматкерлер сыртка чыгып кетишкен, бирок 8 өрт өчүрүүчү дайынсыз болууда. "Өрт толугу менен өчүрүлдү. Жалпысынан 160 өрт өчүрүүчү тартылган. Учурда дайынсыз болуп жаткан 8 өрт өчүрүүчүнү издөө иштери жүрүп жатат", - деп жазышат ММКлар.
Мындан тышкары аталган кампада пластик буюмдар сакталганы белгилүү болду. Кампанын 4 миң чарчы метр аянты өрттөнгөнү аныкталды. Тиешелүү мекемелер өрттүн чыгуу себебин иликтеп жатышат.