Азимжан Аскаровду камактан бошотуу өтүнүчү канааттандырылган жок

Бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде Чүй облустук соту Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин кароодо. Анда айыпталуучунун жактоочусу Валерьян Вахитов Аскаровдун күнөөсүз экенин айтып, абактан бошотуу өтүнүчүн келтирген. Бирок соттук коллегия жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Arslan12
2016-10-04 13:13:58
Туура кылат! Эски жазасын кучуно калтырыш керек!
+9
kyrgyz.kg83
2016-10-04 13:16:08
Жактоочусунун аты жонун жазып койсонор жакшы болмок,кайсы жердин кулуну кимдин баласы дегендей,ошондо билинер еле кимдин кимге боор тартып жатканы,денесинде кыргыздын каны болсо,бул кишиге жактоочу болмок емес
+14
Rifle_S
2016-10-04 14:07:36
Бул кишиге , качып кеткендерине жардам кылгандар арабызда эле жашап жүрөт. Ош коогалаңы 2010-жыл деген видеодо баары так айтылган. Видеодо чогу сүйлөшкөндөрү да бар.
+3
frunze777
2016-10-04 13:18:12
Озу Америка (АКШ) дайыма террористтерди колдоп-каржылап келет да, калп эле курошумуш болуп коюп...

Бугун "тигини" бошотууну талап калса, эртен "аны" президент шайлагыла деп талап кылчу туру бар.
+2
Palan4a
2016-10-04 13:32:32
Кепетесине карасан "сакалдуу аксакал, ушул жашында неберелерин эркелктип, балдарын сый-урматын коруп отура бербейби?" деп, боорун оруйт..
В том числе Д.Сарыгуловтун дагы..

Атин атин!…
+3
Asan-aka
2016-10-04 13:58:31
Чыгарбаш керек колу менен кылдыбы моюну менен жазасын отош керек.Ак сакалубагында небересинин оордуна нара кучактап жатсын
+3
aikokul14
2016-10-04 14:05:56
Бошотуп эле корбойбу....
+1
aralbek
2016-10-04 17:55:35
Бул эмне кылды эле айтып койгулачы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан