Орусиянын Забайкальск крайында 25 жаштагы Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта орусиялык басылмалар Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара башкармалыгына таянып жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, 2014-жылдын апрель айында Чита шаарынын соту аталган Кыргыз жаранына миграциялык мыйзамды бузганы үчүн айып пул салып, аны Орусиянын аймагынан чыгарып жиберүү тууралуу чечим чыгарган. Ага 5 жылга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынганы боюнча маалымдалган болчу.
"Мекенине кайтып келген соң ал аты-жөнүн өзгөртүп, жаңы паспорт алып, кайра Орусияга жөнөгөн. Забайкальскка келгенде аны полиция кызматкерлери кармап, ага карата кылмыш иши козголгон. Кыргыз жаранына эч жакка чыкпоо боюнча баш коргоо чарасы аныкталган. Эми ага 300 миң рубль айып пул салуу же 4 жыл мажбурлап иштетүү жазасы каралышы мүмкүн. Же болбосо ал ушул мөөнөткө эркинен ажыратылып, Орусиянын аймагынан чыгарылып, бул өлкөгө кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн", - деп жазышат басылмалар.