Сүлүктү шаарында 36 жаштагы киши шахтада газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Ак-Жол" ишканасына караштуу шахтада газ чыгып, газга 1981-жылы туулган адам ууланган. Куткаруучулар анын жансыз денесин чыгарып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.