Алай районунда кар көчкү жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кар көчкү 20-март күнү болжол менен саат 18:10 чамасында Мурдаш айылынын Ак-Талаа тилкесинде жүргөн. Турак үйлөргө 30 метр жеткен эмес. Анын көлөмү болжол менен 2 миң 500 куб метр. Мындан улам ички чарбалык жол жабылган. Мурдаш айылында болжол менен 200 кожолук жашайт.
Тазалоо иштерине 1 жүктөгүч тартылып, 21-март күнү 700 куб метр кар көчкү тазаланган. Тазалоо иштери бүгүн да уланат.