Тынбай жааган жаандын кесепетинен Казакстандын Актау шаарынын бир нече кичи райондорун жана көчөлөрүн суу каптады. Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, шаар жашоочулары үйлөрүнөн чыга албай калышкан. Ошондой эле жаратылыш кырсыгынан улам бактар кулап, электр зымдарын үзүп, жарык үзгүлтүккө учурап, айрым райондордо ичүүчү суу да токтоп калганын жазып чыгышты.
"Синоптиктердин билдиргенине караганда жакынкы күндөрү да жаан-чачын токтобой жаашы күтүлүүдө. Учурда транспорттук каттамдарга тоскоолдук жаралбасын деп, көчөлөрдү суудан арылтуу үчүн бир нече бригада райондорго бөлүнүп иш алып барышууда. Кырдаалды жоюу үчүн кошумча күчтөрдү тартуу аракеттери жүрүп жатат", - деп билдирет жергиликтүү бийлик "Казакстан бүгүн" басылмасына.