Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында 2004-жылы пайда болгон жер көчкү кайрадан активдешти. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"19-мартта 2004-жылы пайда болгон жер көчкүнүн жылуу процесси жүрүп Чар-Айгыр сайына сүрүлүп түшүп, суунун нугу жабылып калган", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Маалыматка ылайык, ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 1 экскаватор тазалоого тартылып, 21-март күнү атайын техниканын жардамы менен аталган сай толугу менен тазаланган.