Москвадагы 14 Кыргыз жаранынын өмүрүн алган өрт: басмаканага жана директорго 6,6 миллион рубль айып пул салынды

2016-жылы Москвада өрттөн улам каза болгон Кыргыз жарандары иштеген басмаканага жана анын башкы директоруна 6,6 миллион рубль айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Орусиянын Башкы прокуратурасына таянып орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Печатный экспресс" басмаканасы жана анын башкы директору Сергей Москвин чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз ишке орноштурганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылып, 6,6 миллион рубль төлөөгө милдеттендирилишти. "Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын жетекчилиги Кыргыз жарандарын эмгек келишими жок ишке орноштурган", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2016-жылы август айында Москва шаарында аталган басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза тапкан. Алардын ичинен 14 адам Кыргыз Республикасынын жараны болгон. Басмакананын башкы директору Сергей Москвин жана башкы инженери Антон Яцков ишканада коопсуздук эрежелерин толук камсыз кылбаганы үчүн айыпталышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aliko78
2017-03-22 19:00:30
Кайран кыздар. 6.6миллион рубль бироосун тирилтип алды деген соз эмесго.
+1
gulmira12345
2017-03-22 19:09:07
камалабы же ошол сумманы толоп чыгавы
+3
gulmira12345
2017-03-22 19:10:18
причем бул жерде документсиз иштеткен бул жерде адам олтатго
+2
AzKumFerDan
2017-03-22 19:33:12
Шылто без документпи Эми 14кишинин 6.6милонго бааландыбы.атаганат кайран омурлор.
+4
sirgak_92
2017-03-22 19:33:28
6.6 лимонду берип кутулуп кетет экен да (((камалыш керек эле кеми жок дегенде 30 жыл
+3
bom.bon
2017-03-22 21:28:24
sirgak_92, камалса тирилип калмакпы? Дагын Бир уй було атасыз кайгыга батат! Атайын орттоп салса Бир жон эле муну кырсык деп койот.
+6
Kyrgyz_bloger
2017-03-22 19:58:06
Муну толотуп жатыптыр а боингден каза болгондорго жуктун ээси же учактын ээси качан толойт.
+11
RusMos76
2017-03-22 20:48:43
6,6млн. мамлекетке толой турган штрафы эмгек келишими жок иштеткендигине
+3
pixduel1
2017-03-22 21:42:34
Кыргыздар озубуздо да куноо бар да , ал адам мажбурлап ишке алган жок да туурабы ? Оз ыктыяры менен жашы жетсе да жетпесе да иштеп бир жакшына айлык алып жаткан, бул кырсык ! Эмне болорун биз билбейбиз да , кор турмуш ! Бизде жумуш болбосо алар да айласыз ар жерде иштеп журушот.
+4
tynara81
2017-03-22 23:46:19
Ал акчаны өзүнүн мамлекетине төлөйт, мигранттарды мыйзамсыз иштеткендиги үчүн. Кыргыздарга, ошол кыздардын тууганына берилет деген сөз эмес.
+5
Uluukyrgyz01
2017-03-23 00:56:33
Компенсация толоп берет деп мактанып атышты элего бийликтегилер
+1
etaj_rus79
2017-03-23 03:13:01
Uluukyrgyz01,бардык жерде компесация официальный оформление болсо толонот...тилеке каршы бул ишканада не официально иштейт эле ишкерелер ошол себептен толонбойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан