Туугандарына таандык паспорт менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда 23-март күнү "Кең-Булуң унаа жолу" көзөмөл өткөрүү бекетинде Кыргыз Республикасынын эки жараны кармалган. Анда 1998-жылы туулган К.А. (аял киши) жана 1996-жылы туулган Э.уулу Т. (эркек киши) чек арачыларга башка адамга таандык паспортторду көрсөтүшкөн.
Айтымдарында, алар жубайлар. Паспортторун жоготуп алгандыктан туугандарына таандык паспорт менен Казакстанга кирүүгө аракет кылышкан.
Тиешелүү документтер толтурулган соң, кармалгандар УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.