Мамлекеттер аралык авиация комитети Бишкектин четине кулаган Боинг учагы боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Анда учактын капитаны учуп-конуу тилкеси менен байланыш жоктугун айтып, учакты экинчи айлампага кетирүүгө буйрук бергени айтылат. Учакты экинчи айлампага жөнөтүү боюнча тийиштүү кнопка басылып, бирок 3,5 секунддан кийин аба кемеси кырсыкка учураган. Бул учурда учактын ылдамдыгы саатына 305 чакырымды түзгөн деп маалымдалды.
Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жердеги Аэрофлот дачалык тилкесине Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 39 адамдын өмүрүн алган. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтөөдө.