Бишкекте газ түтүк кудугунан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунда шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Нарвская көчөсү менен Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишиндеги газ түтүк кудугунан адамдын жансыз денесин табышкан. Андан соң куткаруучулар өлүктү сыртка алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.