Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымына кар көчкү түшүп жол тосулду

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала маалыматка ылайык, бүгүн, 27-мартта саат 15:16 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында кар көчкү түшүп, унаа жол тосулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

"Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 6720 метр куб. Жабыркагандар жок. 247-чакырымында иштеп жаткан техникалар жолду тазалап бүтүп, 255-чакырымдагы кар көчкүнү тазалоого тартылат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунун 248, 252, 255-чакырымдарында кар көчкүлөр түшүп жол каттамы жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dastanbek444
2017-03-27 19:30:52
Assaloomu Aleikum
-1
future_kg
2017-03-27 20:16:06
6720 куб деп так эсептеген биздин адистер укмушко?
+1
janat.kg
2017-03-27 23:27:25
Чычканда кечетен бере турабыз. Бактыбызга пельмени кафеси бар экен ошол жер баардык адамдарга конок уй болду
0
miraiymka
2017-03-27 23:41:29
таластын машиналарын койберип жатышты бекен ким билет?
0
Kroxa
2017-03-28 08:55:53
Кудай сктасын боодо кырсыктан..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан