Бишкекте дарыканалардын бирин карактаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда 10-март күнү милиция кызматкерлерине Э.Ж. аттуу шаар тургуну кайрылып, белгисиз адамдар Москва көчөсүндөгү дарыкананын фармацевтин ок атуучу курал менен коркутуп, 64 миң сом акчаны алып кетишкенин айткан. Ушундай эле окуя 26-март күнү шаардагы дарыканалардын биринде да болгон. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган Т.Т. кармалды.