Өлкөдө бир жума ичинде 2 миӊден ашуун кылмыш иши катталды

Өлкөдө бир жума ичинде 2 миӊден ашуун кылмыш иши катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-апрелде билдирди.

"27-марттан 2-апрелге чейинки аралыкта өлкөдө 2131 кылмыш иши катталып, алардын 1758инин өздүгү такталган. Кылмыш иликтөөгө тиешелүү 526 факты катталып, анын 319 кылмыштын бети ачылса, 97 кылмыш изи сууй электе ачылган. Мурда болгон 203 кылмыштын бети ачылган. Адам өлтүрүү боюнча 2, 19 тоноочулук, 1 каракчылык, 4 денеге залал келтирүү, 18 зордуктоо, 216 алдамчылык, 62 уурулук, 1 унаа уурдоо фактысынын бети ачылган. 21 килограмм 296 грамм мыйзамсыз баңгизаты алынган, анын ичинен 1 килограмм 296 грамм героин табылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан