Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан эки адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-апрель күнү саат 02:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 209-чакырымында токтоп турган оор жүк ташуучу унааны Хонда Одиссей үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүп, астына кирип кеткен. Натыйжада жеңил унаанын ичиндеги 2 адам каза болуп, 1 адам оор, 4 адам жеңил жаракат алган.

ӨКМнын маалыматында "окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, оор абалдагы 1 адамды унаадан чыгарышкан. Каза болгон 2 адамды Жайыл райондук Патрулдук милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Оор жүк ташуучу унаадан эч ким жабыркаган эмес. Калган 4 адам жолдо бара жаткан унаалар менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген" деп айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
panda7
2017-04-03 17:36:12
Э АЛЛАХ бейишин бере кор.Эмне болуп атат ар күнү өлүм.Кичине жолго көңүл буруп койсо Өкмөт!
+2
KOHHOP
2017-04-03 18:26:56
Абайлагылачы!
+1
Dilbaranurdinova
2017-04-03 18:36:16
Айий Кыргызтан да олум эле кобойдуго Аллахым сактасынчы
+1
nur.akturpak
2017-04-03 18:44:46
Айланайын айдоочуулар жол эрежесин сактап,ылдамдыкты ашырбай этият болуп айдагылачы кайтыш болгондордун туугандарына конул айтам
+1
Kroxa
2017-04-03 19:47:42
Ош бишкек жолу кандуу жол болуп калды..куран окутуп ошол жерге дуба кылып койушсачы аалымдарыбыз..болот беле деп ойлойм???
+1
korgonbai
2017-04-03 21:44:22
Бийлике каргыш болсун жол ондобогондорго...ошол жолдун айынан кырсык кобойуп баратат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан