Аламүдүндө 46 жаштагы аял "жарандык никедеги күйөөсүн бычактап өлтүргөн" деп шектелүүдө

Аламүдүн районунда 46 жаштагы аял "жарандык никедеги күйөөсүн бычактап өлтүргөн" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда окуя 18-март күнү аталган райондогу Ленинское айылында болгон. Анда 46 жаштагы С.Е. жарандык никедеги күйөөсү 46 жаштагы К.Е. менен спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кетишкен. С.Е. ачуусун кармай албай К.Ени күкүрөк тарапка бычак менен бир канча жолу сайган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерде жан берген. Ошол эле күнү кылмышка шектүү аял кармалып, Аламүдүн райондук сотунун чечими менен 2 айга тергөө абагына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
MinuTolik
2017-04-04 13:00:21
Koinunda jatkan adamga dele iwenbey turgan zaman bolup kaldy
+1
Devka-95
2017-04-04 14:54:54
К.Е ни С.Е өлтүрүптүрда
+1
aravan.kg
2017-04-04 21:47:27
Бирин орук бирин тал бирин олуп бирин кал дегенден башка соз таппадым буларга
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан