Бишкекте мектепке кеткен боюнча дайынсыз делген 10 жаштагы Аселя Төрөбекова изделүүдө

Бишкекте 10 жаштагы Аселя Төрөбекова изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда 2006-жылы туулган Аселя Төрөбекова 3-апрель күнү саат 12:15 чамасында мектепке үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Азыркы убакта анын кайда жүргөнү белгисиз. Бою 130-140 сантиметр, арыкчырай, көздөрү кара, чачы кара түстө. Ошол күнү үстүнө кызгылт түстөгү куртка жана мектеп формасын кийип жүргөн. Көргөн-билгендер болсо, төмөнкү телефон номурларга чалып, кабарлап койсоңуздар. 0550 102 872, 0772 180 945.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bekovich76
2017-04-04 12:55:16
Табылып калсын уйуно ата энесине келсин кайрылып ээ Кудаай сактай кор, Кудай колдоп аман эсен табылып калсын Инш Алла
+7
Mekush87
2017-04-04 13:07:26
Сабырдуу болунуздар,буюрса табылат деп ишенели.
+10
RusMos76
2017-04-04 13:17:11
Аман эсен табылып калышын тилеймин!
+6
Medina87
2017-04-04 14:13:10
Аселя, аман-эсен уйуно кайтып келип ата-энени кубанычка боло садагасы!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан