Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардырууга Кыргыз Республикасында туулган, өзбек улутундагы Орусиянын жараны, 1995-жылы туулган Жалилов Акбаржон Акрамжанович шектелүүдө. Айрым маалыматтар боюнча, анын туугандары Ош шаарында кичи райондордун биринде жашайт. Ал 2011-жылы ата-энеси менен бирге Орусияга барып, ошол жакта калып калган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, кылмышка шектүүнүн Кыргыз Республикасында туулганын тастыктап, туугандары суракка алынып жатканын билдиришти.
"Ыкчам изилдөө иш-чараларынын негизинде иликтөө амалдары жүрүп жатат", - деди УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов.
Айта кетсек, жардыруу кечээ, 3-апрель күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30 чамасында (Бишкек убактысы боюнча 17:30) Санкт-Петербургдагы метродо болгон. Анын кесепетинен 14 адам каза болуп, 49 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.