Кара-Көлдө 7 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасады деп шектелген жаран психикалык ооруканада каттоодо турган. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Шектүү кармалган учурда эле анын психикалык жактан жабыркаганы байкалган. Мындан улам атайын мекемелерге кат жөнөтүлүп, шектүүнүн психикалык ооруканада каттоодо турганы аныкталган. Ал эми дарыгерлер тарабынан жашы жете элек кыздын денесине алгачкы кароо жүргүзүлгөн учурда анын денесинде эч кандай жаракаттар аныкталган эмес. Жашы жете элек кыздын ата-энеси Орусияда иштеп жүрүшкөн. Ал чоң апасынын колунда болчу", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинен.
Айта кетсек, окуя 21-июль күнү саат 19:00 чамасында болгон. Анда 44 жаштагы К.Ж. 1-класста окуган кызды ээн жерге алып барып, ыплас аракеттерди жасаган. Кыз болгон окуяны чоң апасына айтып берген. Кылмышка шектүү кармалып, 2 айга тергөө абагына камалган. Ал эми аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси "Ыплас аракеттер" менен кылмыш иши козголгон.