Ноокен районунда 29 жаштагы кош бойлуу келин токко урунуп каза болду

Ноокен районунда 29 жаштагы кош бойлуу келин токко урунуп каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 28-июлда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя 24-июль күнү аталган райондун Сакалды айылында болгон. Анда 29 жаштагы келин суу алып жатып, суу чыгарган насостун тогуна урунган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
AzKumFerDan
2017-07-28 18:50:36
Кудай ыйманын саламат кылсын.
+7
Kuba-savai87
2017-07-28 18:55:27
Муздак жерге комо койсо ток тартылып кетет деп калышчуу эле го
+6
janna9286
2017-07-28 19:55:23
Жаткан жери жайлуу болсун ежемдин бир айылдан болот елек укккан кулагыбызга ишенбей атабыз Ажал жаш карыга карабайт туура .Турмушка чыкканына 15 кун гана болгон екен.
+4
33SUUN
2017-07-28 20:18:25
Насоско жоопкерчиликтуу адамды жазалаш керек.Шалаакылыктын кесепетинен бейкуноо эки периште кете берди бул дуйнодон.Жаткан жери жайлуу болсун.
+3
janjigit
2017-07-28 20:51:41
ошондо турмушка чыкканына 15кун болсо кош бойлуу болобу?жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
+5
Gulnyr19
2017-07-28 21:04:48
Жаткан жери жайлуу болсун билип билбей кылган куноолорун Аллахым кечирсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан