Испаниянын Барселона шаарында поезд платформаны сүзүп алып андагы 48 адам жабыркаган. Окуя бүгүн, 28-июлда жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 07:05тер чамасында болгондугун чет элдик маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматка ылайык, поезд Сан-Висенс-де-Кальдерс бекетинен Таррагона, Каталония провинциясына бет алган. Поезд кезектеги бекетке жеткенде тормозу токтобой, платформаны жарып кирген.
Кырсыктан кийин 18 адам ооруканага жаткырылса, анын ичинен 5 жүргүнчүнүн абалы оор. Мындан тышкары дагы 30 адамга медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Учурда окуянын келип чыгуу себептери аныкталууда. Көз жумгандар болгону же болбогондугу азырынча белгисиз.