АКШнын Флорида штатында 25 жаштагы Александр Спирбер аттуу адам банктын кассирине келип, аны сөөмөйү менен көзөп акча талап кылган. Александр жанында курал бар экенин, эгерде акчаны бербесе атып өлтүрө тургандыгын айткан.
Чет элдик маалымат булактары жазгандай, өмүрүнүн кыйылышынан чочулаган кассир ага акча салынган баштыкты сунган. Баштыкта акчадан тышкары капсула болгон, ал жарылып Александрдын колун жана кийимдерин боёк кылган. Анткени менен Спирбер баштыктагы 4,7 миң долларды банктан алып чыгып кеткен.
"Банкка автоунаа менен келген Спирбер банктан чыгып жөө эле жол жүргөн. Болгондо да энеден туума жылаңач болуп чечинип, көчөгө банктан тоноп алган акчаны чачып кеткен. Полиция кызматкерлеринин колуна түшкөндөн кийин ал куудул болууну каалагандыгын, эмгек жолун ушундай аракеттер менен баштоону туура көргөнүн билдирген", - деп жазылат маалыматта.
Спирбердин бул актануусуна карабай, анын күнөөсү далилденсе 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.