Өзгөн базарындагы өрттөн 200дөн ашуун соода оруну күйүп кетти

Өзгөн шаарынын борбордук базарындагы өрттөн 200дөн ашуун соода оруну күйүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ӨКМнын Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы Сабиржан Курманбаев маалымдады. Курманбаевдин билдиришинче, учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген зыяндын көлөмү такталып жатат.

"Жалпы 2 миңдей чарчы метрди ээлеген соода орундуктары күйдү. Алдын ала маалыматтар боюнча бул жерде 200дөн ашуун соода орундугу жайгашкан. Анда кийимдер, идиш-аяктар, канцтоварлар сыяктуу буюмдар сатылчу экен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана чыгашанын көлөмү такталып жатат", - деди Курманбаев. Ал эми өрттүн кесепетинен адам өмүрүнө коркунуч келтирилбегенин кошумчалады.

Эске салсак, базарда өрт чыкканы тууралуу маалымат райондук Өрт өчүрүү кызматына бүгүн, 29-июль күнү саат 04:40 чамасында келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 7 өрт өчүрүүчү унаа катышып, саат 09:00 чамасында басаңдап, 11:30да толук өчүрүлгөн.

Өзгөндө чыккан өрт
Өзгөндө чыккан өрт 2-бөлүк
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
nurik-95
2017-07-29 12:26:49
Элге кыйын болду канчалаган мээнет ээх сабыр кылыңыздар эми адам өлбөптүрго алтын баш аман болсо байлык табылат.
+14
Beck_13
2017-07-29 19:35:57
nurik-95,ушул ОКМ жакшы иштесенер болот да. 04:40та маалымат тушсо. Саат 6:30да мен базарга бардым. Бир дагы пожарный машинаны коргон жокмун. Дагы антип мынтип иштедик дейсинер. Башталганда эле келсенер мынчалык куймок эмес. Силердин кеч келишинердин дагы бир себеби бар. Ал кийинчерээк билинет. Же приказды аткардынар.
0
nurbekasr
2017-07-29 12:47:42
Эхх канчалаган мээнеттери күйүп кетти.Базарком да карыш жерге элге места берип жолду тосуп коё берген да.Эми базарком жооп берсин,болбосо элге кыйын.Эми базарды шаардан сыртка чыгаруу керек.Болбосо ал жерге эл батбайт дагы деле соода орун жетишсиз болуп.
+7
aidinguli
2017-07-29 12:56:43
дордой 2 деген базар бар ошол жакка жылдыруу керек. усту жактагылар конул буруп базарда шаардын сыртына чыгарса жакшы болмок. азыркы базар эч талапка жоопбербейт . орт очургуч ууна кире албагандыктан, баардык карапайым калктын, ишенген, бала бакырасын багып жаткан товарлары куйуп кетти. базар жетекчилери жооп берсин эми. жолдордун баарын сатып жибергендин кесепети элге тийди
+4
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-29 14:44:23
aidinguli, илгери Турбащаны Мадина өрттөгөн болчу, уйгурларды чакырыш үчүн. Ошол жске түштү.
+1
CEO
2017-07-29 16:41:32
TIMON_BERKOWITZ, уйгурларды чакырыш учунбу же чыгарыш учунбу?!!...
0
bars_wire
2017-07-29 13:04:03
Базардын ахыбалы мышык ыйлагыдай болчу озу.кышында.же жазында тизенен балчыкка батышын эч соз эмес эле.Алтын баш аман болсо баары болот.
0
nurbekasr
2017-07-29 13:44:21
Өздөрү баштатан ойлонуш керек эле,эми кеч өрт болду бүттү.Көбунчөсү өзбек туугандар базарда тургандар.Өзгөндүн мэри да өзбек туугандардан бири биринин сөзүн түшүнүшөт акчадан берет басат базар иштеп тура берген да.Эми сыртка мал базар жакка Дордой 2и тарапка көчүрүү керек базарды.Болбосо мындай кокустук 4айталана берет,Ошончо эл батбайт да базардын жолуну тарытып.
+1
OSNSA
2017-07-29 15:15:35
Бишкек Ош жолун Озгонду айландырып жылдыруу керек авто стоянкаларды да жылдыруу керек ошондо жол бойлото озу эле базар болуп кетет базар салуунун деле кереги жок эл озу эле жол бойлото базар кылып алышат. Базардын ордуна коп кабаттуу 9-12 этаждуу уйлорду салууга жеке менчике бериш керек.
+2
CEO
2017-07-29 16:45:39
Видеого тартып жоноткондор да жээндер окшойт..
0
Saara.kg
2017-07-29 18:01:38
ушуну озбектер кылганын оз кулагым менен укктум озбектерден
+2
Beck_13
2017-07-29 20:00:46
Saara.kg,болушу мумкун.
+1
pero123
2017-07-30 15:09:22
жакшы болуптур эми базарды башка жакка жылдырып жолду кеңейткиле да!!
0
Lilia11
2017-07-30 20:07:23
Жаман болуптур. Гл адам омурун албаптыр жакшы. Базарды жылдыруу оной олтон иш эмес. Базар чон. Болгону тротуарларды тазалаш керек. Жол бойлото стоянка кылгандарга богот коюш керек да. Атайын стоянка куруп бериш керек элге унаа токтотконго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан