Нарын облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 11:33 чамасында болгон. Анын күчү Жумгал районунун Лама, Жумгал айылдарында 4 балл, Кызарт, Таш-Дөбө, Чоң-Дөбө, Жаңы-Арык айылдарында 3,5 балл, Куйручук, Баш-Кууганды, Кызыл-Туу, Кызыл-Эмгек, Түгөл-Сай айылдарында 3 балл жана Чаек, Байзак айылдарында 2,5 баллга жеткен. Алдын ала малымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.