Ак-Талаа районунда катуу шамал болуп, 4 турак үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, катуу шамал кечээ, 28-июль күнү саат 17:10 чамасында болгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 12 метрге жетип, Үгүт айылындагы 4 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен. Ошондой эле 2 электр мамысы кулап, электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Азыркы тапта калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.