Өзгөн шаарындагы өрттөн бир Өрт өчүрүү кызматынын кызматкери жабыркаганын SUPER.KG'ге ӨКМнын Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы Сабиржан Курманбаев кабарлады. Анын айтымында, кызматкер күйүп жаткан контейнердин эшигин ачканда андан чыккан жалын бетине жабылган.
"Анын кесепетинен кызматкерибиздин бетинин 2-3 пайызы күйүп калды. Дароо райондук ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүнөн өттү. Тийиштүү жардамды алган соң ооруканадан чыгарылды", - деди ал.
Эске салсак, базарда өрт чыкканы тууралуу маалымат райондук Өрт өчүрүү кызматына бүгүн, 29-июль күнү саат 04:40 чамасында келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 7 өрт өчүрүүчү унаа катышып, саат 09:00 чамасында басаңдап, 11:30да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жалпы 2 миңдей чарчы метрди ээлеген соода орундуктары күйдү. Алдын ала маалыматтар боюнча бул жерде 200дөн ашуун соода орундугу жайгашкан.