Балыкчы шаарында унаанын бензин багы жарылып, айдоочу күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык тууралуу маалымат кечээ, 28-июль күнү саат 10:10 чамасында келип түшкөн. Анда Ауди 100 үлгүсүндөгү унаанын бензин багы жарылып кеткени айтылган. Анын кесепетинен 1968-жылы туулган айдоочу 3-4-даражадагы күйүк алган. Учурда ал Балыкчы шаарындагы ооруканада.
Алдын ала маалымат боюнча кырсыктын келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу техникалык эрежелердин бузулушу себеп болгон.