Чүй облусунда экстремизмге шектелип, 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү Сириядагы согуштук аракеттерге катышууну көздөп, даярданып жүргөн. Андан сырткары ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап, экстремисттик мазмундагы материалдарды таратууга аракет жасаган.
Бул факты боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгоп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.