Испанияда фестиваль учурунда өрт чыгып, 22 миң киши эвакуацияланды

Испанияда өтүп жаткан музыкалык фестиваль учурунда өрт чыгып, аны көрүүгө келген 22 миң адам куткарылды. Би-би-си агенттиги жазгандай, салтанат Барселона шаарынын четиндеги Кан Зам паркында кечээ, 29-июлда кечинде өтүп жаткан.

"Өрт өчүрүүчүлөрдүн өз кесибин мыкты билгендигинен бир да жаран жабыркаган жок. Болбосо жалын абдан тез жайылды", - деп жазышкан фестивалдын уюштуруучулары өздөрүнүн Фейсбуктагы баракчасына.

Ошондой эле алар өрттүн чыгуусун техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу экенин жазышкан.

Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнө белгилүү болгон электрондук Tomorrowland музыкалык фестивалдын алкагында шаардын тегерек-четинде да салтанаттар өткөрүлмөк. Бирок кырсыктан кийин баары токтотулган.

Испанияда фестиваль учурунда өрт чыгып, 22 миң киши куткарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kechirmeni
2017-07-30 18:53:17
Кечээги букага кылган мамиленин кесепети. Алла Таала озу жараткан макулугуна зыян корсоткондорду жазалады. Бироого ор кассан озун тушосун. Бироого от койду, оздору да ошонун жазасын алды. https://www.super.kg/kabar/news/196773/
0
Abdusamat.kg
2017-07-30 19:48:12
Музыка арам дейилген, айрыкча бий музыка
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан