Чүй облусунун Панфилов районунда Патрулдук милициянын 2 кызматкери сабалды. Мындай маалыматты бүгүн, 30-июлда SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинин Патрулдук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Панфилов районунда Патрулдук милиция кызматкерлери кызматта турушкан. Жолдо бара жаткан унааны токтотушканда айдоочусу мас абалында болгон. Анын жанындагы достору менен милиция кызматкерлеринин ортосунда пикир келишпестик чыгып, мушташышкан. Учурда милиция кызматкерлеринин бири бейтапканада. Азырынча кызматкер кандай деңгээлде жаракат алгандыгы бизге белгисиз. Учурда бул тууралуу маалымат топтолууда", - деп билдирди басма сөз катчы.