Бишкек-Ош жолундагы Чычкан капчыгайында унаанын оодарылган цистернасынан кара чайыр жолго төгүлдү (фото)

Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайында кара чайыр ташыган унаанын чиркегичи оодарылып кетти. Мындай маалыматты бүгүн, 30-июлда SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.

"Оодарылган жүк ташуучу унаадагы кара чайыр жолго төгүлүп, жолду каптап калды. Кырсыктан жабыркагандар жок. Бул кырсыктан 50 метрден ашык аралыкта жол тыгыны пайда болду. Учурда жолду тазалоо иштер жүргүзүлүүдө", - деп билдирди күбө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
salimbek87.kg
2017-07-30 19:19:38
Жабыр тарткан адам болбосо эле болду жан аман болсо калганы табылат.
+8
bond
2017-07-30 19:24:11
Одиссейдин жанында чон эле киши сигарет тиштеп алыптыр ал тез куйуучу зат.
+2
ZHYRGAl1412
2017-07-30 19:55:49
bond,ал бензин эмес сага искрадан же чоктон куйгудой
+4
Syn4y
2017-07-30 19:57:21
Эми ошол жердеги асфальт көпкө чыдайт
+12
e-vawa.
2017-07-30 19:58:43
Уххх, " Бишкек-Ош жолунда" деп тамасын баштаганда эле журок дук дук деп бат согуп кетти, дагы жол кырсыгы катталган окшойт деп. Шугур, жабыркагандар жок экен.
+7
aerforce
2017-07-30 20:26:03
Ушул май ташыгандар менен Ошко каттаган степттерди каттуу козомолго алыш керек мээси жок жаш балдар айдайт дейсин май ташыган оор машынага кууп жетпейсин бишкек ош жолунда степти айтпай эле койоюн дардандашып мен мынча саатта барам деп кууп айдашат башка биронун тагдырын ойлошпойт ушул жылда эле ош бишкек юолунда канча май ташыган унаа кырсыкка кабылды
+10
grace
2017-07-30 20:29:30
Экологияга келтирилген зыянды ойлогон эч ким жок, адамдар тирүү болсо экен деп эле тилеп калдык го. Эх, кыргыз жерим ыйык мекен.
+5
RusMos76
2017-07-30 20:41:01
Акшындабай айдабайбы жоопкерчилик болуш керек да канча жер асфальт болмок!
+2
Taalaibek.
2017-07-30 20:49:17
айдоочу жаш бала окшойт го.
+2
RusMos76
2017-07-30 21:44:19
50метр да тыгынбы!?
+2
Va.vasm
2017-07-30 22:42:30
RusMos76,:)) Москвага келбегенго, кабар берген адам.
+1
RusMos76
2017-07-31 00:53:10
RusMos76,Чайырдын озу эле 50метрден узун го.
+1
ckopnuol-l
2017-07-30 23:46:50
қырғызчасы қара чайыр болобу? қоторот десе эле оюна келгендей қоторо беришет э ?биринчи жолу уғушум
+2
barsbegKG
2017-07-31 01:38:26
ckopnuol-l,Чайырды билбейм бироқ қалған сүйлөмдөр қырғызчаны тақ даана жазғаныңды көрсөтүп турат баарыбыз ушинтип жазышыбыз керек
+2
kanatbekabytovich82
2017-07-31 02:11:57
Степ,одиссей,естимага чыккан жургунчулордун оздору сойрукторбу деп калдым....
Макул,чыкса чыгышыптыр он рульдуу унаага,анан айдоочу 80 ден же 90 дон отуп,катуу айдап,сплошной полосадан обгонго чыктыбы-токтот,акчамды кайтар,менин олгум келген жок деп ызылдап жиберишсе эле болду го,айласыздан степчи акырын айдайт го!!!!!?????
+5
aerforce
2017-07-31 08:26:06
kanatbekabytovich82,туура айтасын бирок алар машынасына олтурганча сиз жакшы деп анан алабелге жеткенде басып жатпайбы токтот акчамды бер десен ошол алабелде таштап кеттсе шорун катпайбы жолдон сени эч ким албайт анткени ош бишкек трассага чыккандын 90% ти толуп чыгышат
+3
kanatbekabytovich82
2017-07-31 19:21:29
aerforce,
Ошон учун баары, "оптом " ызылдаш керек!!!)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан