Ысык-Көлдө НТС телеканалынын журналисти Айбек Айтбаев жол кырсыгынан каза болду

НТС телеканалынын журналисти Айбек Айтбаев жол кырсыгынан каза болду. Мындай маалыматты 30-июлда маркумдун кесиптештери билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Ысык-Көл облусундагы Сары-Ой айылында болгон. Жол кырсыгы 30-июль күнү таңкы саат 05:00дөр чамасында орун алган. Мында эки жеңил унаа кагышкан.

Журналист Айкөкүл Дайырбекова социалдык баракчасына Айбек Айтбаев тууралуу жазып, анын мүнөзү шайыр, акыл кампасы кенен жигит болгонун белгилеген.

"Мекенибиздин тарыхы тууралуу китеп жазып жатканын, жакында басып чыгараарын айтып, бир топ кыялдары менен бөлүштү эле. Жакшы адамдар бул дүйнөдөн эрте кетип жатканы өтө аянычтуу. Аттиң ай, кыргыздын керегине жарай турган жигит эле", - деп жазган Дайырбекова.

Айбек Айтбаев 1994-жылы туулган. Ал НТС телеканалынын кабарчысы болуп иштеп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
jasgul
2017-07-31 10:06:21
жаткан жери жайлуу болсун... Ажалы жолдон экен эле да. Жаш экен эле каап..
+7
tumann.
2017-07-31 10:12:32
jasgul,жолдон экен эле да, жаш экен эле ьул создор кандай же орун алмашып калганбы. Жаш экен элеби же жаш эле экенби.
-15
Aruwka.89
2017-07-31 10:06:47
Кааап жаткен жери жайлуу болосун Жакындарына сабыр
+5
Nargiza1987k
2017-07-31 10:11:23
Жаткан жери жайлуу болсун
+6
grace
2017-07-31 10:19:03
Кайран жигит, жапжаш бойдон кете берди элиңди таштап...Эми жаны жаннатта болсун. Ата-энеси, жакындарына терең кайгырып көңүл айтабыз.
+5
Ma9
2017-07-31 10:19:38
Эми 23 чыккан экенда жаткан жери жайлуу болсун жакындарына сабыр берсин
+5
arzygulR
2017-07-31 16:49:52
Жаткан жери жайлуу болсун
+1
Fidel
2017-08-01 02:53:27
Жакындарына сабр! терен кайгыруу менен конул айтам,Аллах Бейиш Насип этсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан