АКШнын Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарында айдоочу унаасы менен топтошкон адамдарды сүзүп кетти. Бул туурасында чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.
"30-июлда 15:45тер чамасында Мид-Уилширде айдоочу унаасын башкара албай, жолдун четинде турган 9 адамды сүзгөн. Алардын бирөө качканга үлгүрүп, калгандары унаанын тебелендисинде калган. Жергиликтүү полиция жабыркаган 8 адам ооруканага жеткирилип, бирөөсүнүн абалы оор экенин, кырсык атайылап уюштурулбаганын билдирди", - деп айтылат маалыматтарда.