"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Бишкек шаарынын 10-кичи районунда иштебеген дүкөн өрттөнүп жатат

Бишкек шаарынын 10-кичи районунда иштебеген дүкөн өрттөнүп, учурда өрт өчүрүүчү кызматкерлери өрттү өчүрүүгө аракет көрүшүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

"Бүгүн, 31-июлда саат 9:30 чамаларында 10-кичи районунда иштебеген дүкөндөн өрт чыккан. Саат 9:40та өрт өчүрүү кызматына маалымат түшүп, саат 10:09да өрт чектөөгө алынган. Учурда өрттү өчүрүү аракети жүрүп жатат. Жабыркаган аянт жана өрттүн себеби иликтенүүдө", - деп маалымдайт ӨКМнын басма сөз кызматкери Нурбек Абдраимов.

Эскерте кетсек, бүгүн, 31-июлда окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө бул кырсык тууралуу кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан