Кара-Суу районунда 4 үй күйүп кетти (фото)

Бүгүн, 31-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жийделик айылында жайгашкан 4 турак үй күйүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нурлан Баймуратов кабарлады.

Анын билдиришинче, өрт саат 14:00 чамаларында чыгып, Ош шаарынан 3 өрт өчүрүү унаасы кырсык болгон жерге келген.

"Аталган айыл Ош шаарына жакын жайгашкандыктан шаардын Өрт өчүрүү кызматынын үч унаасы жөнөтүлүп, андан сырткары айыл элинин жардамы менен бирге өрт өчүрүлдү. 4 үй тең жанаша жайгашып калгандыктан биринчи үйдөн чыккан өрт кийинкилерине өтүп кеткен. Учурда өрттүн эмнеден улам келип чыкканы такталып жатат", - деди Баймуратов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurbekasr
2017-07-31 16:53:03
Супер инфо биздин өрт өчүргүчтөрдүн кийимдери ушундай жаңы заманбап болгонбу?Үй салган адам да бай же башы иштебеген неме окшойт,чатырдын рейкаларын 5см жакын кылып кагып чыккан экен да.
-4
adimyrza
2017-07-31 17:19:17
nurbekasr,бул темага жакын эле сурот
-2
admin_superstan
2017-07-31 17:36:07
kg_emilbekov, жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
Nurdinova
2017-07-31 20:22:22
Күндүн ысыгынан да болуусу мүмкүн почти +40 градус ысык экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан