НТСтин журналисти каза болгон жол кырсыгында алты адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген

Кечээ, 30-июлда Ысык-Көлдө НТС телеканалынын журналисти Айбек Айтбаев жол кырсыгынан каза болду. Кырсыктан 6 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, райондук ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ысык-Көл РИИБине 30-июлда таңкы саат 05:00дөр чамасында жол кырсыгы жөнүндө кабар түшкөн. Анда Субару Легаси үлгүсүндөгү эки унаа кагылышып кеткен. Окуя болгон жерден бир унаанын айдоочусу, журналист Айбек Айтбаев көз жумган. Унаанын ичиндеги жүргүнчүлөр 21 жаштагы Кыял, 23 жаштагы Нурмухаммед, 22 жаштагы Тимур жана 24 жаштагы Болот аттуу жарандар райондук ооруканага жеткирилген.

Экинчи унаанын айдоочусу 23 жаштагы Темирлан жана 21 жаштагы Жанетта да ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Каза болгон жаран жана жаракат алгандардын баары Бишкек шаарынын тургундары болушкан.

Факты боюнча авто-техникалык жана соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nelya88
2017-07-31 17:32:10
Жакында эле НТСтин операторун сузуп кетишти эле, эми минтип журналисти каза болуп жатат. Экоо тен 22 жаштагы жаш жигиттер. Ата-энелерине сабыр тилейбиз.
+3
arzygulR
2017-08-02 00:44:08
Жаткан жери жайлуу болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан