Ош-Ноокат жолунда жол кырсыгы катталып, 34 жаштагы келин колундагы 4 айлык кызы менен кошо каза болду. Кырсык 30-июль күнү түнкү саат 3:00 чамаларында катталганын 1-августта SUPER.KG`ге Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков тастыктады.
Анын билдиришинче, Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унааны каза болгон келиндин жолдошу башкарып бара жатып, уктап кетип МАН үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны сүзүп алган.
"Күйөөсү уктап кеткендиктен оор жүк ташуучу унаанын артынан барып сүзүп алган. Айдоочунун келинчеги менен кызы оор жаракаттан улам каза болуп калышты. Айдоочу өзү да жаракат алган", - деди Сыдыков.