Бүгүн, 1-августта Москва облустук сотунун имаратында сот учурунда ок атышуу орун алды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, аталган окуя Орто Азия аймагынан чыккан "ГТА" кылмышкерлер тобунун иши боюнча соттук отурум учурунда орун алган. Айыпталуучулардын бири конвойго кол салуу аракетин көргөн соң ок атылган. Алдын ала маалыматтар боюнча окуядан бир адам жаракат алган.
Айта кетсек, "ГТА" аталган кылмышкерлер тобу 2014-жылдын май айынан баштап ноябрь айына чейин Москва, Подмосковье жана Калуга облустарынын жолдорунда айдоочуларга кол салып, бир нече адамды өлтүргөн деп айыпталып жаткан. Кылмышкерлер 16 жолу кол салып 17 кишини өлтүрүп, 2 кишини жарадар кылганын ММКлар жазып чыгышкан.
.