Ооганстандагы мечиттердин бирине куралданган эки адам кол салып, 29 адам каза болду

Ооганстандын түндүк-батыш тарабындагы Герат шаарынын мечиттеринин бирине куралданган эки адам кол салып, 29 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 1-август күнү кечинде болгон. Куралданган адамдын бири мечитке намаз окууга келгендерди аткылап кирсе, экинчиси жардыруу уюштурган. Каза болгондордон сырткары 60 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Азырынча эч бир террордук уюм кол салууну "биз уюштурдук" деп айтып чыгыша элек.

Айта кетсек, 24-июлда да Кабул шаарындагы мечиттердин биринде жардыруу болуп, анын кесепетинен 24 адам көз жумуп, 42 адам жаракат алган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
engel
2017-08-02 08:54:47
Тундук Батыш
-2
Kosmos2013
2017-08-02 09:42:02
Мечитке кирип келип атканына караганда ал айбан мусулман эмеско дейм. Канча адамдын каргышына калды.
+2
Kosmos2013
2017-08-02 09:44:49
Негизи Ооганстан Американын акчасы менен жашайт, Американын акчасы бар жерде ызы чуусу коп болот. Акыры жооп берчуу кун да келет!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан