Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Аламүдүн айылында 3 гектар куураган чөп күйүп кетти. Мындай маалыматты бүгүн, 2-августта SUPER.KG порталына Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын техникалык иштер боюнча жана өрттү изилдөө бөлүмүнүн башчысы Нурлан Ташманбетов билдирди.
"Аламүдүн районунда саат 14:50 чамасында талаа өрттөнүп, 3 гектар куураган чөп күйгөн. Тилсиз жоодон 40 даана таңгакталган саман күйгөн. Атайын өрт өчүрүүчү унаа тартылып 16:00дө өчүрүлдү. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда. Кырсыктан жабыркагандар жок", - деп билдирди Ташманбетов.
Нурлан Ташманбетовдун маалыматына ылайык, Ысык-Ата районунда мал сарай өрттөнүп 3 миң даана таңгакталган чөп, 1 уй музоосу менен жана 6 баш кой күйүп кеткен.