Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 05:26 чамасында болгон. Анын күчү 3,5 баллга жетип, очогу Нура айылынан 15 чакырым түштүк-батышта, Эркеч-Там айылынан 20 чакырым түштүк-батышта, Кара-Киндик айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер силкинүүнүн күчү калк жашаган аймактарда 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жок.