Унаанын багажына жашынып Түркияга өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу түркиялык маалымат агенттиктери жазышты.
Маалыматка караганда, 28 жаштагы А.М. аттуу Кыргыз жараны 31-июль күнү түрк-грузин чек арасынан кармалган. Ал Грузиянын жараны башкарып бараткан унаанын багажына жашынып, Түркияга кирүүгө аракет кылган.
Ошондой эле маалыматта тиешелүү документтер толтурулган соң Кыргыз жараны депортация болору айтылган.