"21 жаштагы уулумду атып кетишкен, эми кылмышты иликтөөгө бут тосуулар болуп жатат" дейт маркумдун апасы

"10-июнда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн Темирлан Алиевдин кылмыш ишине бут тосуулар болуп жатат". Бул тууралуу бүгүн, 2-августтагы маалымат жыйында маркумдун апасы Кенжегүл Усубалиева билдирди.

Анын билдиришинче, окуяга чейин уулун бычак такап коркутуп кетишкен. Анын моюнунда бычактын издери түшүп жүргөнүн, ага кимдир бирөөлөр телефон чалып коркутуп жүрүшкөнүн достору айтышкан.

Ошондой эле ал баласынын өлүмү тууралуу табышмактуу жагдайлар көп болуп милиция тарабынан жакшы иликтенилбей атайын создуктурулуп жатканын айтты.

"Окуя болгон күнү шектелип бир бала кармалган, кийин аны Темирландын өлүмүнө тиешеси жок экен деп коё беришиптир. Андан бери 2 айга жакын убакыт өтсө да эч кандай жылыш жок, жадакалса экспертизанын жыйынтыгы да чыга элек. Баламдын досторунун унаасы Темирланды атып кетишкен курулуштун аймагына окуя болгон учурда белгисиз унаа менен чогуу барганы видеого түшүп калган. Бирок алар биз жок элек деп танып жатышат. Ошол жерде уулумду өлтүрүлгөн маалда күзөтчү болуп иштеген эки бала да жумуштан чыгып кетишиптир. Азыр кайсы жакта экени белгисиз. Ушулардын баарын тыкыр изилдешкенде кылмышкер тез эле табылмак", - дейт ал.

Андан сырткары Кенжегүл Усубалиева жергиликтүү укук коргоо органдарына болгон ишеничи жоктугун, акыйкатты президент Алмазбек Атамбаев менен Башкы прокурор Индира Жолдубаевадан табам деп атайын Бишкекке келгенин айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Zaika10
2017-08-02 13:18:26
Тооба кылдым,мындай нерсени эч кимдин башына салбасын. Ишенип келген адамдары экоо болсо.... Балык башынан сасыйт дегендей...Бизде мыйзам иштебейт.
+9
almanbetperm
2017-08-02 20:35:39
Эч кимге каттуу айтпайт элем,бирок айтышка туура келип жатат АША ушул сенин кызынды да ит аткандай атып кетишсе экен корот элем. Минус бассанар баскыла,
+4
Aima94
2017-08-03 03:50:26
almanbetperm, Ар бир адамга ыйман берсин. Эмнегедир кырсыктар өтө көп болуп жатат. Баары келип акчага, жетишпеген жашоо, көрө албастык!!!! Бири бирибизди чукуп жашамай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан