Австриянын кайрылуусу менен Интерполдун издөөсүндө жүргөн Петер Зайзенбахер кечээ, 1-августта Киевде кармалды. Ал олимпиаданын дзюдо боюнча 2 жолку чемпиону экендигин чет элдик маалымат булактары жарыялоодо.
"Зайзенбахер 1997-2004-жылдары дзюдо боюнча машыктыруучу болуп иштеп жүрүп жашы жете элек 3 өспүрүмгө интимдик мүнөздөгү аракеттерди жасаган. Ал кызматтык абалынан пайдаланып, өспүрүмдөрдү жолдон азгырган деп шектелүүдө. Бүгүнкү күндө Австрия Украинанын укук коргоо органдарынын расмий өкүлдөрүнө спортчуну экстрадициялоо боюнча билдирүү жасады", - деп жазылат маалыматта.
Петер Зайзенбахер 1984-жылы Лос-Анжелесте өткөн олимпиадада, 1988-жылы Сеулда өткөн олимпиадада дзюдо боюнча чемпион болгон.