Түркиянын Анталия шаарында кыргыз келини автокырсыкка кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта SUPER.KG порталына аталган шаардагы Кыргыз коомунун жетекчиси Талант Курманалиев маалымдады.
Анын айтымында, кырсык 31-июль күнү катталган. Анда 35 жаштагы Динара аттуу келин 11 жаштагы кызын артына учкаштырып мотороллер айдап бара жаткан. Бир убакта жеңил унаа аларды сүзүп, токтобостон качып кеткен.
“Сүзгөн унаа ошол жерде орнотулган камерага түшүп калган, бирок номери жакшы көрүнбөй калыптыр. Ал эми жабырлануучулардын экөөнүн тең буттары жанчылган. Окуя болгон күнү биринчи операция жасалган, бүгүн экинчиси жасалуу алдында турат. Учурда полиция кызматкерлери кылмышкерди табууга аракет кылып жатышат”, - деди ал.
Жабыркаган кыргыз келин Анталияда кары адамды карап эмгектенип, кырсык катталган күнү эс алууга чыкканы белгилүү болду.